Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Москва соту энергохолдингдин мурдагы жетекчисин тыңчылык үчүн кести


Карина Цуркан. 2018-жыл.
Карина Цуркан. 2018-жыл.

Москва шаарынын соту шейшембиде энергетикалык «Интер РАО» компаниясынын мурдагы жогорку жетекчиси Карина Цурканды Молдованын пайдасына тыңчылык кылган деп 15 жылга колонияга кести. Жабык процессте прокурор аны 18 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Цуркан өзү жана адвокаттары бул иш жок жерден токулганын, далилдер бурмаланганын, Днестр боюнун бийлиги менен талаш-тартышка байланышы болушу мүмкүн экенин айтып келишти.

Мурдагы жетекчини 2018-жылы кармашкан. Ал кезде Цуркан Чыгыш Европада, арасында Молдовадагы долбоорлорду көзөмөлдөчү.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал 2015-жылдын сентябрында Молдованын атайын кызматына орус Энергетика министрлигине таандык документтин электрондук көчүрмөсүн берген. Эксперттер ал документте мамлекеттик сырдуу маалымат камтылган деген тыянакка келишкен.

Цуркан күнөөсүн четке кагууда. Февралда ал Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, эркин иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөн.

Адвокаттары соттун өкүмүнө каршы апелляция берерин айтышты.

XS
SM
MD
LG