Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Мухтар Аблязов Орусияда 15 жылга сыртынан кесилди


Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов

Москванын Таганск райондук соту казакстандык оппозиционер, БТА Банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязовду 15 жылга сыртынан эркинен ажыратты. Саясатчы 60 миллиард рубль (800 миллион доллар) кымырып алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу орус Башкы прокуратурасына шилтеме менен «Настоящее Время» телеканалы кабарлады.

Аблязовго жана дагы бир нече кишиге көз боёмочулук, кылмыштуу жол менен табылган мүлктү мыйзамдаштыруу, уюшулган топ менен алдамчылыкка баруу жана чоң зыян келтирүү айыптары тагылды.

"Айыпталып жаткан адамдар Орусиянын сыртында жүрүшөт, аларды өткөрүп беришкен жок", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Тергөөчүлөр 2006-2009-жылдары Аблязов жана калган айыпталуучулар кылмыштуу схемалар аркылуу БТА Банктан 58 миллиард рубль уурдашкан деп эсептешет. Мекенинде экс-банкир ушундай эле айып менен 2017-жылы 20 жылга кесилген. Дээрлик 10 жылдан бери чет өлкөдө жашап жүргөн Аблязов казак бийлигинин сынчысы катары таанылган. Ал айыптоолорду четке кагып, иштердин артында саясат турганын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG