Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Башкы прокуратура Жогорку сот төрайымы Калиева боюнча Тартип комиссиясына сунуштама берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама жөнөттү. Бул тууралуу 29-декабрда «Азаттыкка» кеңештин басма сөз кызматы кабарлап, сунуштама 28-декабрда келип түшкөнүн билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Калиева коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткандыктан тергөө органдары аны жазык жообуна тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама бериш үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч келтиришкенин 26-декабрда маалымдаган.

УКМКнын төрагасы Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал дароо камакка алынарын айткан.

Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын билдирди.

Калиеванын атымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш быйыл жазында, апрель-май айларында ачылган, өзү бул тууралуу сентябрда уккан, бирок чоо-жайын расмий түрдө эмгиче эч ким түшүндүрүп бере элек. Төрайым белгилегендей, Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан ага кийлигишүү болгон эмес жана жеке өзү эч кандай документке кол койгон эмес.

Тартип комиссиясына президенттин квотасы менен барган жаңы мүчө Маратбек Осмонкулов 28-декабрда бул комиссияга жетекчи болуп шайланды.

Курамы үч жыл сайын жаңыланып туруучу комиссия тогуз мүчөдөн турат. Алардын үчөөнү президент, үчөөнү парламент жана калган үчөөнү Судьялар кеңеши гендердик теңчилик талаптарын эске алуу менен көрсөтөт.

Комиссиянын буга чейинки курамынын мөөнөтү быйыл ноябрь айында аяктаган. Парламенттин квотасы боюнча үч өкүл тандала элек болгондуктан азыр алты гана мүчө иштеп жатат.

Ишке киришүү үчүн комиссиянын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү болууга тийиш.

Судьялар кеңеши Башкы прокуратуранын сунуштамасын качан карары азырынча айтылган жок, бирок кворум бар экенин, себеби алты кишиден кем эмес деген талап сакталып турганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG