Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Пакистанда терроризмди каржылаган деген эки киши кесилди


Тыюу салынган «Jamaat-ud Dawa» уюмунун колдоочулары. Пакистан, 2015-жыл.(Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок).
Тыюу салынган «Jamaat-ud Dawa» уюмунун колдоочулары. Пакистан, 2015-жыл.(Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок).

Пакистандын соту тыюу салынган уюмга мүчө болгон деп шек саналган эки кишини терроризмди каржылаган деген айып менен узак мөөнөттөргө түрмөгө кести. Карачидеги сот эки башка иштин өкүмүн 29-декабрда жарыялады.

«Jamaat-ud Dawa» уюмуна мүчө болгону айтылган Гулям Расул Раббани 25 жылга эркинен ажыратылып, 13 700 доллар айыпка жыгылды. Карачидеги мечитке жана медресеге ээлик кылган Раббани 15-ноябрда кармалган. Прокуратура ал уюм үчүн чогулткан акча терроризмди каржылоого жумшалган деп эсептейт. Раббани өзүнө коюлган айыпты четке кагууда.

«Al-Qaeda» менен байланыштагы топко киргени айтылган Мохаммад Шакирулла 20 жылга сыртынан кесилди жана 6 800 доллар төлөөгө милдеттендирилди.

Бул эки өкүм чыга электе арам акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшкөн өкмөт аралык уюм Пакистанды «кара тизмесине» киргизерин эскерткен. Парижде жайгашкан уюм Исламабадга чара көрүш үчүн эмки февралга чейин убакыт берди.

XS
SM
MD
LG