Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

ИИМдин башчысы тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылууну талап кылды


ИИМ башчысы Улан Ниязбеков гарнизондук саптык кароодо. 2020-жылдын 30-декабры.
ИИМ башчысы Улан Ниязбеков гарнизондук саптык кароодо. 2020-жылдын 30-декабры.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 30-декабрда Бишкектин Эски аянтында гарнизондук саптык кароо өткөрдү. Ага Ички аскерлердин, «Шумкар» полкунун, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү башкармалыктын, Бишкек жана Чүй башкармалыктарынын өкүлдөрү, күзөт жана кайгуул кызматкерлери катышты.

Министр Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине кайрылып, быйыл Кыргызстанда өзгөчө маанилүү саясий, социалдык окуялар болгонун, кыргыз милициясы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарып, сыноолордон өтө алганын белгиледи жана «башыбыздан ийгиликтерди жана көп сыноолорду өткөргөн жыл болду» деп айтты.

Алдыда президенттик шайлоо өнөктүгү бар экенин айткан министр өтө жооптуу жана маанилүү милдеттер турганын, милиция аларга даяр экенин айтып, коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылууну талап кылды.

Ниязбеков: «Мындай жооптуу иш бизден тактыкты, туура чечим кабыл алууну, мыйзамды урматтоону жана кесипкөйлүктү талап кылат. Биз так жана ыкчам иш жүргүзүүгө тийишпиз», - деди.

Министр кызматкерлерин Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, 30-декабрдан 1-январга чейин ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй турганын айтты.

Келерки жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттикке 18 талапкер ат салышууда.

ИИМдин маалыматына караганда, өлкө аймагында 2420 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти жана коопсуздукту 11 000 милиция кызматкери камсыз кылат. (RK)

XS
SM
MD
LG