Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

«Түндүкэлектро» үч фазага уруксат берүүнү убактылуу токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Түндүкэлектро» ишканасы электр энергиясын пайдалануу көбөйгөндүктөн тиричилик абоненттерин үч фазалык туташтырууга уруксат берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу 30-декабрда "Азаттыкка" мекеменин басма сөз кызматынын адиси Бегимай Төрөбаева билдирди:

«Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында электр энергиясын пайдалануунун суткалык көрсөткүчү күн санап өсүп жатат. Ал эми кыштан жакшы чыгуу электр түйүндөрүнүн ишенимдүү иштешинен көз каранды».

Төрөбаеванын айтымында, 28-декабрдан тартып келерки жылдын 1-апрелине чейин тиричилик керектөөчүлөрүнүн чарбалык муктаждыктары үчүн берилүүчү үч фазалык туташтыруу токтойт. Мындай чара кышында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылды.

Үч фазага уруксат берүү акыркы жолу 2017-жылы да убактылуу токтотулган.

29-декабрда "Түндүкэлектро" боюнча электр энергиясын пайдалануу саатына 781 миллион киловатт болду. Былтыр ушул эле күнү 705 миллион киловатт болгон.

«Түндүкэлектро» – Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу бөлүштүрүүчү компания. (RK)

XS
SM
MD
LG