Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:46

31-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

31-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27…-32, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 күндүз -2…-4 градус болот.

XS
SM
MD
LG