Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Мэрия: Бишкектин кеңейиши 2025-жылга чейин аяктайт


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Борбор шаар Бишкектин кеңейиши 2025-жылга чейин аяктайт. Бул тууралуу 30-декабрда өткөн басма сөз жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондоруна караштуу айрым жаңы конуштар мэриянын карамагына алынат.

«Өкмөт шаардын башкы планын бекитсе 2025-жылга чейин баш калаанын чек арасын аныктоо толук аяктайт», - деди ал.

Бишкектин тегерегинде мэрияга караган 50дөй жаңы конуш бар. Алардын көбүнүн социалдык инфратүзүмү өнүккөн эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG