Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

Балбак Түлөбаев: Таштанды полигону боюнча коррупциялык иштер бар


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы баш калаанын четиндеги таштанды полигону боюнча коррупциялык иштер бар деп эсептейт. Бул тууралуу шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 30-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, таштанды полигонун заманбап абалга алып келүүгө Жогорку Кеңеш жана өкмөт тоскоол болууда.

«Бул объектини курууда азыр өтө чоң коррупция чыгып жатат. Башкы прокуратурага да кат менен кайрылдым. Биздин ишке кийлигишпесе полигонду мэрия эле куруп алмак», - деди ал.

Шаар четиндеги таштанды полигонунан чыккан өрт өчпөй турат. Экологдор бул Бишкектеги абанын булганышына себеп болуп жатканын айтып келишет.

Мэриянын билдирүүсү боюнча парламент жана өкмөт азырынча комментарий бере элек. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG