Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

Аманбаев: Шайлоо өнөктүгү таза жүрүүдө, нааразы талапкерлер факт менен кайрылсын


Бактыбек Аманбаев.
Бактыбек Аманбаев.

Кыргызстанда бул жолку президенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырганда абдан таза өтүп жатат. Бул тууралуу 30-декабрда «Азаттыктын» эфиринде өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев билдирди.

Ал нааразылык билдирип жаткан талапкерлер өзүнө саясий упай топтоого аракет кылып жатышы мүмкүн экенин белгилеп, кемчиликтер боюнча чара көрүш үчүн алар конкреттүү фактыларды келтириши зарыл экенин айтты:

«Алардын айтканы жөн калбайт. Бирок алар конкреттүү факт менен кайрылса сөзсүз чара көрүлөт. Ар бир талапкердин ички дүйнөсүнө, ниетине жараша болот. Алар ошондой сөздөрдү айтуу менен кандайдыр бир саясий упай топтогонго аракет кылып жаткандыр, мүмкүн. Буга чейинки шайлоолорго салыштырганда азыркы шайлоо абдан таза өтүп жатат. Добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу деген жок. Дарыгерлерди, мугалимдерди зордоп добуш бердирүү жок. Баарына бирдей шарт түзүлүп берилди. Бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Тилекке каршы, ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдалануунун ордуна жеке асылууга жол берилип, туура эмес сын айтууга өтүп алышты».

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Өлкө башчылык кызматка 17 талапкер ат салышууда.

29-декабрда алардын айрымдары биригүү тууралуу меморандум кабыл алып, айрым саясатчылар криминалдын жардамы менен бийликти абсолюттук монополияга алгысы келип жатканы, адамдардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугу маселе жаратып турганын белгилешкен. Меморандумда мыйзамсыздык Кыргызстанды башкарууда башаламандыкка алып келгени, үгүт өнөктүгү административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуу, шайлоочуларды алдоо жана коркутуу менен коштолуп жатканы жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG