Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү


Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында тартылган архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында тартылган архивдик сүрөт.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу 30-декабрда анын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларында кабарланды.

Коомдук фонд юстиция органдарында быйыл декабрь айынын башында катталганы, ал «социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштер» менен алектенери белгилүү болду.

Фонддун негизги максаты «коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо» экени айтылды.

62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган. Бирок быйыл, үч жылдан кийин, парламенттик шайлоодон соң кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берүүгө мажбур болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG