Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Румыниянын президенти акыркы алты жылда биринчи жолу Молдовага келди


Румыниянын президенти Клаус Йоханнис жана Молдованын президенти Мая Санду
Румыниянын президенти Клаус Йоханнис жана Молдованын президенти Мая Санду

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис 29-декабрда Молдовага иш сапары менен келди. Бул румын президентинин Молдовага жасаган соңку алты жылдан берки алгачкы иш сапары болуп калды. Молдованы буга чейин башкарган орусиячыл Игорь Додондун учурунда эң жакынкы кошуна менен мамиле салкындап кеткен. Анын ордуна өткөн аптада президенттик кызматка киришкен Мая Санду өз сөзүндө Румынияны стратегиялык өнөктөш деп атады жана Румыния менен табыгый, бордоштук мамиле жанданып жатканын белгиледи.

"Бул күндөрү Молдованын ички да, тышкы да саясатында жаңы этап башталып жатат. Бул бизди эл аралык изоляциядан чыгарат".

Клаус Йоханнис эки тараптуу жолугушуудан кийин Бухарест Кишиневго коронавируска каршы күрөштө жардам берерин айтты.

Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду өткөн айда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, орусиячыл саясатчы Игорь Додонду жеңип чыккан. Ал Европага ыктаган саясат жүргүзөрү күтүлүүдө.

Экономикасы чабал Молдовада жарандардын бир бөлүгү Европага ыктайт, ошондой эле Орусия менен тыгыз алака-катыш түзүүнү жактагандар да бар.

XS
SM
MD
LG