Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

КТРКнын башкы директору болуп Бактияр Алиев шайланды


Бактияр Алиев.
Бактияр Алиев.

Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши бүгүн, 30-декабрда жыйынга чогулуп, корпорациянын башкы директорлугуна Бактияр Алиевди шайлады.

Кеңештин добуш берүүгө катышкан 15 мүчөсүнүн 11и Алиевди колдоп добуш берди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. 6-октябрда КТРКны 2019-жылдын март айынан бери жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу кызматын тапшырып берген. Анын ордуна жаңы жетекчиге сынак жарыяланган.

Корпорациянын жетекчисинин милдетин башкы директордун орун басары Бактияр Алиев аткарып турган. (RK)

XS
SM
MD
LG