Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Өкмөт «Азаттыктын» каарманына акчалай жардам берди


Нургүл Чыдыева эки баласы менен.
Нургүл Чыдыева эки баласы менен.

Кыргыз өкмөтү Бишкек шаарынын тургуну, үчүнчү топтогу майып Нургүл Чыдыевага 50 миң сом жана жаңы жылга карата балдарына белек тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Чыдыева өзү билдирди.

«Келип акча, белектерин берип кетишти. «Азаттыктын» сюжетинен кийин акча которгондор көп болду», - деди Чыдыева.

Эки баланын энеси ушул тапта ишсиз үйүндө отурат. Былтыр ал күнү-түнү иштеп, топтогон акчасына бир бутуна операция жасаткан. Быйыл пандемиядан улам пландалган экинчи операциясы, дарылануусу болбой калган. Ал балдак менен басат, оор көтөрө албайт.

Нургүл Чыдыева эки баласы жана жолдошу менен Бишкектин четиндеги конуштардын биринде батирде жашайт. (AiA)

XS
SM
MD
LG