Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында аэропорттогу жардыруудан кеминде 13 адам курман болуп, ондогон киши жараат алды. Бул тууралуу «Al Hadath» басылмасы бийлик өкүлүнө шилтеме берип жазды. Чабуул өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү Сауд Арабиясынан учуп келген маалда коюлган.
«Reuters» агенттиги учак конгондон бир аз убакыт өткөндөн кийин аэропортто жардыруу болгонун жазды. Саудия телеканалы көрсөткөн кадрларда жардыруудан соң бронетехника ок атканын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, чабуулдар өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрүн жок кылууга багытталган. Алар аман-эсен президенттик сарайга жеткирилгени кабарланды.
Йемендин премьер-министри Маин Абдулмалик чабуулду «коркок террордук акт» деп атап, «Йеменге каршы жүргүзүлүп жаткан согуштун бир бөлүгү» экенин билдирди.
26-декабрда Сауд Арабиясында Йемендин жаңы өкмөтү ант берип, ишке киришкен. Ал өлкөдөгү Убактылуу кеңештин жикчил мүчөлөрү жана эл аралык коомчулук тааныган бийликтин ортосунда кабыл алынган Эр-Рияд келишимине ылайык түзүлгөн.
Иран колдогон хуситтердин «Ансар Аллах» тобу Йемендин батышынын бир бөлүгүн, баш калаа Сана шаарын да көзөмөлдөйт. Саудия жана анын өнөктөштөрү колдоо көрсөткөн, эл аралык коомчулук тааныган Йемендин өкмөтү 2015-жылдан бери хусит козголоңчулары менен кармашып келе жатат. Төрт жыл ичиндеги куралдуу кармаштарда Йеменде 10 миңдей киши каза тапты, жүз миңдеген адам жер которду. Өлкөнүн 14 миллионго жакын жараны ачарчылык коркунучуна кабылды.