1-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 күндүз -1…-3 градус болот.