Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

ИИМ: «Садыр президент» деген кийимчендер Мамлекеттик күзөт кызматына тиешеси жок экени аныкталды


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жана аны коштоп жүргөндөр. Сүрөт интернеттеги социалдык түйүндөрдөн алынды.
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жана аны коштоп жүргөндөр. Сүрөт интернеттеги социалдык түйүндөрдөн алынды.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровду аны колдогон үгүт кийимин кийип коштоп жүргөндөр Мамлекеттик күзөт кызматына тиешеси жок экени аныкталды. Бул тууралуу 31-декабрда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди:

««Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери «Садыр президент» деген үгүт кийимин кийип жүрөт» деген маалымат Талас облусунан келген. Биз жеринен текшерүү жүргүзгөнбүз. Алар күзөт кызматынын кызматкерлери эмес, кадимки жаран экени, өздүгү аныкталды. УКМК алар чынында эле ошол түзүмдө иштебей турганын тастыктап берди».

Буга чейин Башкы прокуратура да Жапаровго байланыштуу мындай айыптоо такталбаганын билдирген.

Мамлекеттик күзөт кызматкерлери Жапаровду колдогон жазуусу бар кийим кийип, аны коштоп жүргөнү тууралуу маалымат сүрөттөрү менен кошо Интернетте тараган. 17-декабрда «Фактчек» порталы муну тастыктаганын билдирип, кыска иликтөөсүн «Temirov LIVE» каналына жарыялаган.

Талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу административдик ресурсту колдонуу катары бааланат жана андайга тыюу салынган.

Президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Бул кызмат үчүн 17 талапкер ат салышып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG