Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Британия менен Евробиримдиктин Брекзиттен кийинки соода келишими күчүнө кирет


Британ премьер-министри Борис Жонсон келишимге кол койгон соң.
Британ премьер-министри Борис Жонсон келишимге кол койгон соң.

Евробиримдик менен Британиянын ортосундагы Брекзиттен кийинки соода жана кызматташтык келишими 1-январга караган соң күчүнө кирет. Өткөн түнү документти британ парламентинин эки палатасы тең көпчүлүк добуш менен жактырып, премьер-министр Борси Жонсон кол койду. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II болсо өз мөөрүн басты.

Европа Биримдиги жана британ өкмөтү тогуз айга созулган сүйлөшүүдөн соң бул келишим боюнча мунаса тапкан. Ага ылайык, Британия Евробиримдиктен толугу менен чыккандан кийин эки тарап ортосунда товарларга төлөмдөр алынбай, чектөөлөр киргизилбейт.

Британ премьер-министри Борис Жонсон келишим боюнча парламентте сүйлөп жатып «улуу өлкөбүздүн тагдыры өз колубузда» деп билдирди. Ал бүгүн түндөн тартып өлкө тарыхындагы жаңы барак ачыларын жана Британия Евробиримдик менен өнөктөштүк мамилесин сактап каларын кошумчалады.

Брекзитти сындагандар «бул жараян Британияга анча көп деле пайда алып келбейт» деп айтып жатышат.

2016-жылы Улуу Британиянын жарандарынын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгуу боюнча демилгени жалпы референдумда колдогон. Бирок өлкө азыркыга чейин Евробиримдиктин соода эрежелерин сактап келе жаткан.

Британ парламенти бул келишимди жактырганга чейин Евробиримдиктин жетекчилери уюмга кирген 27 өлкөнүн макулдугу менен документке кол койгон болчу. Эми Европа парламенти келишимди 2021-жылдын февралына чейин ратификациялашы керек.

Британия Европа Биримдигинен кайра чыгып кеткен биринчи өлкө болуп калды.

XS
SM
MD
LG