Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Пакистанда индиусттик храмды талкалоого катышкан 31 адам кармалды


Пакистанда индуисттик храмга кол салуу боюнча кеминде 31 адам кармалды. Өлкөнүн полициясы бир күн мурун Хайбер Пахтунхва провинциясындагы Карак шаарында болгон окуяга катышкандарды кармоо уланып жатканын кабарлады. Полиция кармагандардын арасында өлкөдөгү исламчыл «Жамиат Улема-е Ислам» партиясынын лидери Рахмет Салам Хаттак бар экени белгилүү болду.

Пакистандын өкмөтү соңку окуяны айыптады. Социалдык тармактарда тараган видеолорго караганда бир нече адам храмдын дубалын балта менен талкалап жатканын көрүүгө болот.

Полициянын маалыматы боюнча, бул храмга жакын жайгашкан үйлөрдүн бирин индуист жамаатынын өкүлдөрү сатып алып, оңдогонуна ачууланган жергиликтүү мусулман жамаатынын лидерлери диний жайды бузууга чакырык таштаган. Ошондон кийин 1000ге жакын адам чогулуп, чабуул башталган.

Жергиликтүү тургундар «Азаттыктын» Пакистан кызматына бул окуяны жерден улам чыккан чатак катары сыпатташкан.

Пакистандагы индуисттер кийинки жылдары ар кандай басымга туш болуп келишет. Саны 8 миллионго жакын диний топтун өкүлдөрү Индия менен чектеш Синд аймагында жашашат.

XS
SM
MD
LG