2-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27…-32, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12° күндүз -3…-5° градус болот.