Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Соңку бир суткада 83 кишиге коронавирус жугуп, бир бейтап көз жумду


4-январга карата Кыргызстанда дагы 83 кишиден коронавирус аныкталып, бир бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алган 81 388 адам расмий катталды. Анын 76 728и сакайганы айтылды. Соңку бир күндө 165 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1360 адамга жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG