Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Шайлоо-2021: Брайл шрифти менен 4 948 бюллетень даярдалды


2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо тартылган сүрөт.

Президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдумда добуш бериш үчүн азиздерге Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалды.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендерди аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберди. Жалпы 3 567 138 бюллетень даярдалды.

Бюллетендердин саны «Тизме» (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелди.

Бюллетендер «Учкун» ачык акционердик коомунда басылды.

Президенттик шайлоонун бюллетени ак, референдумдун бюллетени көгүш түстө болот.

Президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум 10-январда өтөт. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG