Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Салык декларациясын электрондук ыкмада тапшыруу мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү милдеттүү салык декларациясын электрондук ыкмада тапшыруу мөөнөтүн узартты. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Уюмдар үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен салыктык отчётторду тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Жеке ишкерлер үчүн 2022-жылдын 1-январына чейин жылдырылды.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы бекиткен планга ылайык, уюмдар жана жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчётторун электрондук колтамга аркылуу электрондук түрдө берүүгө өтүшү керек болчу.

XS
SM
MD
LG