Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Коронавирус жуккандардын эң көбү - Бишкекте, эң азы - Нарында


Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы расмий эсеби 4-январда 81 388 кишиге жетти. COVID-19 илдетине каршы республикалык штаб бул күнү вирустун аймактарга жайылышы боюнча жаңыртылган статистиканы сунуш кылды.

Ооруга чалдыккандардын эң көбү Бишкек шаарында - 26 974;

Чүй облусунда - 11 607;

Жалал-Абад облусунда - 9 806;

Ош облусунда - 8 259;

Ысык-Көл облусунда - 7 257;

Баткен облусунда - 7 144;

Ош шаарында - 5 518;

Талас облусунда - 2 552;

Нарын облусунда - 2 271 киши.

Пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдет жуккандардын 76 728и сакайды, кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1 360ка жетти.

Сакайгандардын аймактар боюнча статистикасы берилген жок. (SE)

XS
SM
MD
LG