Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Алмазбек Атамбаев жаңы жылдын алдында №47 колонияга которулду


Алмазбек Атамбаев, мурдагы президент.
Алмазбек Атамбаев, мурдагы президент.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында Бишкектеги №47 колонияга которулду. Ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган.

Адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдиргендей, Атамбаевдин кан басымы кээде жогорулап, кээде түшүп кетүүдө, андан тышкары жүрөгү жана бели ооруп жатат. №47 колония камактагыларга медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталганы айтылып келатат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрдагы басма сөз жыйынында Атамбаевдин саламаттыгы анча эмес экенин белгилеп, 25-декабрда андан кабар алган. УКМК кийинчерээк Ташиев Атамбаевдин ден соолугун кылдаттык менен текшерип чыгууну, зарыл болсо медициналык мекемеге жаткырууну тиешелүү кызматтарга тапшырганын билдирген.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. «Кой-Таш иши» боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот уланууда.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. 2019-жылы 7-8-августта болгон Кой-Таштагы башаламандыктан кийин камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG