Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Кеминде поезд тебелеп кеткен жигит эки бутунан ажырады


Темир жол. Иллюстрациялык сүрөт.
Темир жол. Иллюстрациялык сүрөт.

Кемин районунда поезддин астында калган 25 жаштагы Тилек Жумабеков эки бутунан ажырады. Ал Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканада жатат.

Кырсык 31-декабрда болгон. Ал темир жолго кулап кеткен адамды куткарам деп өзү поезддин астында калып калганын жакындары «Азаттыкка» билдиришти.

№4 шаардык клиникалык оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында, анын бутун поезд алып кеткен. Канды жергиликтүү бейтапканада токтотушкан соң Бишкекке алып келишкен.

«Жигиттин абалы орточо оор», деди дарыгер.

Кырсыкка кабылган Тилек Жумабековго жардам берем дегендер 0504 410014 каражат которсо болот.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы майрамдык дем алыштарга байланыштуу окуянын чоо-жайы тактоо иштери 4-январда башталганын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG