Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

2021-жылга республикалык бюджет бекитилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 4-январда расмий кабарланды.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алган.

2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн. сом, чыгашалар боюнча 181 354,8 млн. сом деп бекитилди.

2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн. сом деп белгиленди.

2019-жылга бюджеттин тартыштыгы 9 млрд. 945 млн. сом деп эсептелген. (SE)

XS
SM
MD
LG