Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Пакистанда пуштундар кыймылынын дагы бир активисти кармалды


Буга чейин «Пуштундарын Тахафуз кыймылынын» мүчөсү, депутат Али Вазир кармалган. Пешавар.
Буга чейин «Пуштундарын Тахафуз кыймылынын» мүчөсү, депутат Али Вазир кармалган. Пешавар.

Пакистанда белгилүү укук коргоочу жана «Пуштундарын Тахафуз кыймылынын» лидери Саид Алам Махсудду 3-январда Пешавардагы үйүнөн кармап кетишти. Ага «мамлекетке каршы комментарий жасаган» деген айып коюлганын кыймылдын басма сөз катчысы билдирди.

«Машал» радиосу Пешавардагы полиция өкүлдөрү менен байланышууга аракетинен майнап чыккан жок.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Махсуд жана кыймылдын активисттери «мамлекетке жана аскерлерге каршы» билдирүлөрдү жекшембидеги нааразылык акция маалында таратышкан.
Кыймылдын активисттери ал күнү Пакистандын бир нече шаарында демонстрация уюштуруп, жакында кармалган жетекчилери менен мүчөлөрүн бошотууну талап кылышкан.

Буга чейин 6-декабрда Карачиде уруксат берилбеген иш-чара маалында мамлекетке каршы чакырык таштаган деп парламент депутаты, пуштундардын партиясынын мүчөсү Али Вазир кармалган. Ал окуя 18-декабрда Пакистандын жер-жерлеринде демонстрацияларга түрткү берген. Андан кийин кыймылдын дагы эки мүчөсүн кармап кетишкен.

«Пуштундарын Тахафуз кыймылы» Пакистандагы дээрлик 35 миллион пуштундун укуктарын жактап келет.

XS
SM
MD
LG