Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Таласта тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады

Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда 4-январда газ баллон жарылып, 11 адам ооруканага түштү. Алар Кара-Буура райондук ооруканасында экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Интернет булактарына газ баллон жарылганын бышыктаган сүрөттөр чыкты. Өрт кечки саат бешке жакын өчүрүлгөн.

Кырсыктын чоо-жайы так эмес, себеби иликтенүүдө.

Былтыр июнь айында Бишкек шаарында дагы бир тамактануучу жайда газ баллон жарылып, бир адам мерт болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG