Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Быйыл республикалык бюджеттин тартыштыгы 8,4 миллиард сомдун чегинде болору аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйылкы жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болот деп белгиленди. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 4-январда бюджет боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш узаган жылдын 10-декабрында кабыл алган.

2021-жылга карата божомол боюнча, республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп пландалууда.

2020-жылы таңкыстык 29 миллиард сомдон ашуун болду. (RK)

XS
SM
MD
LG