Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Таласта 11 адам күйүк алган өрттүн себеби айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта 11 адам күйүк алган өрттүн себеби аныкталды. Бул тууралуу 5-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өрттүн чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эреже бузулганы себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 11 адамдын бирөөнүн абалы өтө оор, экөөнүкү туруктуу оор деп мүнөздөлүүдө. 29 жаштагы эки жана 32 жаштагы бир бейтап Кара-Буура аймактык ооруканасынын реанимациясында жатышат.

Бешөө ушул эле оорукананын хирургия бөлүмүндө, экөө облустук ооруканада дарыланууда. Бир бейтап алгачкы медициналык жардам алып, үйдөн дарыланууда.

4-январда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Борбордук базардын жанындагы «Шаурма Сити» тез тамактануу жайында газ баллон жарылып, өрт чыккан. 11 адам күйүк алган.

Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Кечээтен бери Кыргызстандын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылды. (RK)

XS
SM
MD
LG