Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Тартип комиссиясынын Гүлбара Калиева боюнча жыйыны башка күнү өтмөй болду


Гүлбара Калиева, Жогорку соттун төрайымы.
Гүлбара Калиева, Жогорку соттун төрайымы.

Кыргызстандын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы бүгүн, 5-январда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча жыйынга чогулуп, бирок ал өзү катыша албай калгандыктан, жыйынды башка күнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» кеңештин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди.

Анын айтымында, Тартип комиссиясынын жыйынына Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү катышты. Бирок Калиева ден соолугуна байланыштуу бул ирет бара албай калганын билдирип, ансыз жыйынды өткөрбөй коё турууну өтүнүп комиссияга арыз менен кайрылган. Атайын кызматтын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Калиеванын өтүнүчүнө макул болушту.

Комиссия жыйын кайсы күнгө белгиленери кошумча маалымдарын билдирди.

Башкы прокуратура Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча сунуштамасын 28-декабрда жөнөткөн.

УКМК Калиева коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткандыктан тергөө органдары аны жазык жообуна тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама бериш үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч келтиргенин 26-декабрда маалымдаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын билдирген.

Анын атымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш былтыр жазында, апрель-май айларында козголгон, өзү бул тууралуу сентябрда уккан, бирок чоо-жайын расмий түрдө эмгиче эч ким түшүндүрүп бере элек. Төрайым белгилегендей, Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан ага кийлигишүү болгон эмес жана жеке өзү эч кандай документке кол койгон эмес.

Курамы үч жыл сайын жаңыланып туруучу Тартип комиссиясы тогуз мүчөдөн турат. Анын буга чейинки курамынын мөөнөтү былтыр ноябрь айында аяктаган. Парламенттин квотасы боюнча үч өкүл тандала элек болгондуктан, азыр алты мүчө иштеп жатат. Бул кворумга шайкеш келет.

Ишке киришүү үчүн комиссиянын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү болууга тийиш. (RK)

XS
SM
MD
LG