Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Кылым шамы» борборунун жетекчилик кызматын тапшырды


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Кылым шамы» укук коргоо борборунда жетекчилик алмашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» борбордун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, борбордун жамааты жетекчилик кызматка Гүлшайыр Абдирасулованы тандады.

««Кылым шамы» түптөлгөндөн бери акча албай жанымда жүргөн өзүмдүн кызым Гүлшайыр абдан жакшы такшалып калган, - деп түшүндүрдү ал. - Октябрь айында жыйын өткөрүп: «Баарыңар катышсаңар болот. Бирок мен уюмду сырттан эч кимге калтырбайм. Фонддун негиздөөчүсү катары «Кылым шамынын» түпкүлүгүн, маанисин, багытын билгендер катышкыла», - деп үчөөнө жол бердим. Гүлшайырга токтолушуптур. Чынында мен көбүнчө «саясий жүз» болуп жүрдүм. Ал эми отчётторду жазып, долбоорлорду өткөрүп, донорлорго жүзүбүздү ачык көрсөткөн «кара жумушту» Гүлсара, Агзам, Гүлшайыр, ыраматылык Жибек деген кызым аткарышты».

Абдирасулова жетекчилик кызматтан кеткени менен укугу бузулгандар мурдагыдай эле ага кайрыла берсе болорун айтып, "Мен аларга жок дегенде кеп-кеңешимди берем" деп белгиледи.

«Кылым шамы» укук коргоо борбору 2003-жылы негизделген. Борбордун кызматкерлери күч органдарынын кыянаттыгынын кесепетинен же саясий себептерден улам укуктары бузулган жарандарга укуктук жардам көрсөтөт. Борбор кыйноого кабылгандар, аскерде кызмат өтөп жатып каза болгон же жабыркагандар жана Сирия менен Ирактагы качкындар лагерлеринде кармалып турган кыргызстандыктар тууралуу өзүнчө баяндамаларын жарыялаган.

«Азаттыктагы» маектеринин биринде Абдирасулова «Кылым шамы» борбору өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган бир адамдын Жогорку сот да күчүндө калтырган өкүмү боюнча эл аралык уюмдарга арызданып, анын күнөөсү жоктугун далилдеп берген учур болгонун айтып берген. (SE)

XS
SM
MD
LG