Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Ош облустук милициясы: Кара-Сууда шайлоого байланыштуу опуза болгон эмес


Кара-Суу айылы.

Ош облустук милициясы Кара-Суу районуна караштуу Киров айылында шайлоого байланыштуу эч кандай коркутуп-үркүтүү болгон эмес деп эсептейт. Мекеменин басма сөз кызматы 5-январда кабарлагандай, милициянын ыкчам тергөө тобу айыл башчыдан жана жергиликтүү тургундардан түшүнүк кат алган.

«Алар айылга эч кандай спортчу балдар барбаганын, «президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодон өтүшү керек, өтпөй калса күч колдонулат» деген маалымат жалган экенин жана айылда шайлоо боюнча коркутуп-үркүтүү болбогонун билдиришкен. Ошондуктан «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү тергөөгө чакырылып, алардан «WhatsApp» аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөн жарандарды аныктоого жардам суралды. Тосмо арыз жазуу боюнча маселе болгон эмес», деп билдирди Ош облусунун милициясы.

Милиция билдиргендей, Киров айылында спортчу балдар ар бир үйгө кирип, бир талапкер шайлоодо добуштун көбүн албаса күч колдонуларын билдиргенин 2-январда «Жалпы иш» фонду кабарлаган. Маалымат 3-январда райондук милицияда каттоого алынган. «WhatsApp» аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөндөрдү аныктоо иши уланууда.

«Жалпы иш» коомдук фонду 25-октябрдан 28-декабрга чейин байкоо жүргүзүп, жалпысынан 53 мыйзам бузуу фактысын каттоого алганы белгилүү болду. Фонддун маалыматына караганда, президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин айрымдары шайлоочулардын добушун сатып алып, аларга кысым көрсөтүп, административдик ресурс колдонуп жатышат. 53 фактынын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу экени айтылды. Айрымдары боюнча арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынан координациялык тобуна жөнөтүлдү.

Былтыр октябрь айында Кыргызстанда бийлик алмашып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Президенттикке аттанарын 65 адам билдирген. Алардын 18и талапкер болуп расмий катталып, бирөө кийин жарыштан өз каалоосу менен чыккан.(RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG