Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Британия үчүнчү ирет карантин киргизди


Лондон шаары, 31-декабрь, 2020-жыл.
Лондон шаары, 31-декабрь, 2020-жыл.

Британияда пандемия башталгандан бери үчүнчү жолу карантин киргизилди. Премьер-министр Борис Жонсон жаңы чектөөлөр бери дегенде февралдын ортосуна чейин сакталып турарын билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, ооруканаларга мурда болуп көрбөгөндөй күч келүүдө, медициналык жайлар COVID-19 илдетине кабылгандарга толуп калды.

Рождество жана Жаңы жыл майрамдары алдында чектөөчү чаралар ансыз да күчөтүлгөн. Өткөн жылдын этегинде өлкөдө коронавирустун жаңы, тез жуккан штаммы аныкталып, адистерди ого бетер тынчсыздандырууда. Ошол эле маалда Британия биринчилерден болуп «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университети иштеп чыккан вакцинаны колдонууга киргизди. Буга чейин, 8-декабрдан тартып «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын препараты сайыла баштаган.

Бейтаптардын саны азайбай жаткан Германия дагы Британиянын артынан карантинди узартары күтүлүүдө. 5-январда канцлер Ангела Меркел жана аймактардын жетекчилери жыйын куруп, чечим кабыл алмакчы.

XS
SM
MD
LG