Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Тажикстанда 87 жаштагы карыя беш жылга кесилди


Дониер Набиев.
Дониер Набиев.

Тажикстанда 87 жаштагы карыя камактагы оппозициялык саясатчылардын үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөткөнү үчүн беш жылга эркинен ажыратылды.

Дониер Набиевдин жакындары 4-январда «Азаттыктын» тажик кызматына кабарлашкандай, өкүм 29-декабрда чыккан. Алардын айтымында, Дүйшөмбү шаарынын соту Набиевди тыюу салынган «Тажикстандын исламчыл кайра жаралуу партиясынын» камалган мүчөлөрүнүн туугандарына жардам бергендиги үчүн күнөөлүү деп тапты.

Соттогу булак карыяга өкүм чыкканын тастыктады, бирок документтер купуя кармалганын айтып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.

Партиянын мурдагы мүчөлөрүнүн бири Набиев майрамдарда камактагы саясатчылардын жакындарына азык-түлүк алып барып турганын айтты.

«Тажикстандын исламчыл кайра жаралуу партиясы» 2015-жылы экстремисттик жана террордук уюм деп жарыяланып, ишине тыюу салынган. Партия жана укук коргоочулар ал чечим саясий жүйөгө таянып кабыл алынган деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG