Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:23

Өкмөт бюджетти колдоого элден түшө турган акча үчүн атайын эсеп ачууну көздөп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү элден жана мекеме-уюмдардан республикалык бюджетти колдоо үчүн түшө турган акча каражатын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында (БКЭ) ачат.

Финансы министрлиги даярдаган жобонун долбоорунда бул эсеп «юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу негизде түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында укук тартибин коргоо органдарынын депозиттик эсептеринен которулган акчаны жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат».

Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн депозиттик эсеп 2018-жылы ачылган.

2020-жылдын октябрында Кыргызстанда өлкөнүн тышкы карызын элден чогулткан акча менен төлөө үчүн «Элдик кенеш» деген коомдук кыймыл түзүлгөнү кабарланган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG