Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:27

ЭлТР каналы «Азаттыктын» телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу токтотту


ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «Азаттык» радиосунун телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу токтотту. Мунун себебин компаниянын башкы директору Эрлан Догдурбеков төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Биз 2021-жылга өзүбүздүн пакетибизди жаңылап, жаңы программаларды киргизип жатабыз. Эң негизгиси – прайм-таймга өзүбүздүн жаңы котормолорду киргизип жатканбыз. Азыр эл котормого жакшы басым жасап жатат. Эл «сиздердин көрсөтүүлөрдү көрүп жатабыз. Бирок өтө кеч болууда» деп айтып жатат. Бизге котормолорго ошол прайм-тайм убакыт керек болду. Негизинен 2021-жылы биз контентти, программаларыбызды жаңылап жатабыз. Ошондуктан азырынча токтотуп коюуга туура келип жатат. «Азаттык» менен аябай жакшы иштештик. Жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз».

Догдурбековдун айтымында, «Азаттык» менен лицензиялык келишим компаниянын көркөм кеңешинин сунушунун негизинде токтотулуп жатат. Кеңеш мындай сунушту жаңы жылга чейин берген. Ага ылайык «Азаттык» менен түзүлгөн келишимди токтотуу жөнүндө чечим 5-февралдан тартып күчүнө кирет. Догдурбеков келишимге кол койгон эки тарап тең аны токтотуу тууралуу бир ай мурда кабардар кылууга укуктуу экенин белгиледи.

ЭлТРдин көркөм кеңеши 2020-жылдын ноябрь айында түзүлгөн, ага компаниянын кызматкерлери кирген.

ЭлТР телеканалы буга чейин «Азаттык» радиосунун 2020-жылдын август, сентябрь жана декабрь айларындагы шайлоо, "Эгемендик жана "евразиячыл интеграция"", "коронавирус курмандыктары", "саясаттагы (социалдык тармактар аркылуу таратылган) фейктер", "Кыргызстандын Кытайга карызы" жана "Курултайдын курамы жана мааниси" тууралуу телеберүүлөрүн эфирге чыгаруудан баш тартып, аларда маалымат бир жактуу берилгенин жүйө кылган. «Азаттык» ЭлТРдин бул жүйөсүнө макул эмес экенин, телепрограммаларды даярдоодо бейтараптык эрежелери бекем сакталарын учурунда билдирген.

«Азаттык» радиосунун жарым сааттык «Ыңгайсыз суроолор», «Эксперттер талдайт», «Биз жана дүйнө», «Данисте», «Азаттык Плюс», «Каректе Евразия» телепрограммалары келишимдик негизде иш күндөрү кечкисин ЭлТР каналында 2016-жылдан бери көрсөтүлөт. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (44)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG