Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 11:59

Норвегияда жаңы автоунаалардын жарымынан көбүн электромобилдер түздү


«Tesla» электромобили.

Норвегияда 2020-жылы сатып алынган жаңы автоунаалардын 54,3% электромобилдер же гибриддер түзөт. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 5% көп.

Маалыматтарга караганда, Норвегия 2025-жылы бензин жана дизел пайдаланган автоунааларды сатууну толук токтотот.

Норвегияда 2020 жылы «Audi e-tron», «Tesla Model 3», «Volkswagen ID.3», «Nissan Leaf» электромобилдери жана гибрид «Volkswagen Golf» эң көп сатылды.

Аталган өлкөдө электромобил сатып алгандар үчүн мамлекет бир катар жеңилдиктерди сунуш кылат. Мисалы, электромобилдерге салык алынбайт.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG