Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

БШК: Шайлоодогу мыйзам бузууга каршы жаңы чаралар көрүлүүдө


БШК имараты.
БШК имараты.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо учурундагы мыйзам бузууга иш жүзүндө каршы туруу боюнча жаңы негиздеги чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Германиянын Конрад Аденауэр атындагы фондунун аймактык өкүлү Ронни Хайне менен жолугушууда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Шайлоодогу эреже бузууга бөгөт коюу иши өкмөт жана тартип коргоо органдары менен чогуу аткарылып жатканы айтылды.

Аденауэр фонду БШКнын өлкөдөгү шайлоо процессинин ачыктыгын, мыйзамдуулугун жана демократияга шайкеш келишин камсыз кылуу боюнча ишине эң жогорку баа бергени маалым болду.

БШКнын маалыматына караганда, жолугушууда мөөнөтүнөн мурда 10-январда өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга даярдык талкууланды. 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларга 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу негизги себеп болгону белгиленди. (RK)

XS
SM
MD
LG