Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Өкмөт Бишкек менен Чүйдүн экологиясын жакшыртуу планын жарыялады


Бишкек. Архивдик сүрөт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкектин жана Чүй облусунун экологиялык абалын жакшыртууга багытталган комплекстүү чаралардын планын бекитти. 2021-2023-жылдарга эсептелген планга кирген иш-чаралар борбор калаа Бишкекте жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда ишке ашырылат.

План шаар куруу, пландоо жана дизайн, жылуулук менен камсыз кылуу, транспорт, абанын булганышы боюнча мониторинг жана маалымдоо деген төрт негизги багыттан турат.

Анда имараттарды арасынан жел өтүп тургудай кылып куруу, бак-дарак отургузуу, башкы планга өзгөртүү киргизүү, ирригация түйүндөрүнүн ишин жакшыртуу, таштанды маселесин чечүү, газ отунга өтүү, транспорттун абаны булгабай турган түрлөрүн пайдалануу, изилдөө иштерин жүргүзүү иш-чаралары мөөнөтү жана каржы булактары менен көрсөтүлүп жазылган.

Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун маалыматында Бишкекте абанын булганышы 6-январда да кооптуу чектен дагы эле ашып турганы айтылды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG