Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

АКШ: Жоржия штатындагы шайлоонун жыйынтыгы чыгарылууда


Жоржия штатынан Сенатка шайлоодо алдыга чыккан Рафаэл Уорнок.
Жоржия штатынан Сенатка шайлоодо алдыга чыккан Рафаэл Уорнок.

АКШда демократ Рафаэл Уорнок Жоржия штатынан Сенатка орундардын бирин утту. CNN менен «Associated Press» агенттигинин божомолдору Атлантадагы афро-америкалык чиркөөнүн пастору, демократ Уорнок республикачыл талапкер Келли Лөффлерден озуп чыкканын көргөзүүдө. Бул тууралуу америкалык бир катар маалымат каражаттары кабарлашты. Жеңиши расмий бышыкталса, баптист чиркөөсүнүн пастору штаттын тарыхындагы биринчи ынды кара сенатор болуп калмакчы. Демократиялык партияга Конгресстин жогорку палатасын көзөмөлдөө үчүн дагы бир орун керек.

Сенаттагы дагы бир орун үчүн ат салышта демократ, документалист Жон Оссофф менен республмкачы Дэвид Пердью теңме-тең келатышат. Эгерде демократтар Уорнок менен Оссофф жеңсе, анда Сенатта демократтар 48 орунга ээ болмокчу. Мындай шартта көз каранды эмес эки сенатор менен кошо демократтар 50 орунга ээ болот, ал эми республикачылар 50 орунду сактап кала беришет. АКШнын шайланган вице-президенти, демократ Камала Харрис Сенаттын төрайымы катары добуш бере аларын эске алганда, демократтар палатаны өз көзөмөлүнө алышмакчы.

Андай болсо, шайланган президент Жо Байденге мыйзам чыгаруу демилгелерин ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Демократиялык партия Өкүлдөр Палатасында көпчүлүккө ээ.

XS
SM
MD
LG