Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Армениянын президентинен коронавирус табылды


Армен Саркисян.
Армен Саркисян.

Армениянын президенти Армен Саркисян коронавирус жугузуп алды. 67 жаштагы президенттен вирус британ баш калаасы Лондонго барган учурда аныкталган. Саркисян Лондонго бутуна операция жасатканы барган.

Негизинен церемониалдык укуктарга ээ болгон армян президенти учурда обочолонуп иштеп жатканы кабарланды.

Кийинки убакта Британияда коронавирус жуккандар кескин көбөйдү. Бул өлкөдө вирустун мутацияланган түрү аныкталган соң бир катар өлкөлөр аба каттамдарын убактылуу токтоткон.

Британ премьер-министри Борис Жонсон 4-январдан тартып өлкөдө жалпы элдик карантин жарыялап, чектөөлөрдү күчөттү.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да коронавирус менен ооруп айыккан. Учурда Арменияда 160 миңден ашык адам вирус жугузуп алганы аныкталса, 2800ден ашыгы каза болду.

XS
SM
MD
LG