Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

БШК: Шайлоочулардын көбү Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана Бишкекте катталган


Кыргызстанда шайлоочулардын 20% Ош облусунун аймагында катталган. Бул тууралуу бүгүн 6-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган маалыматта айтылды.

Добуш берүү укугуна ээ кыргызстандыктардын ичинен Ош облусунан кийин шайлоочулардын саны боюнча экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат (19%).

Андан кийин Чүй (17%), Бишкек шаары (12%), Ысык-Көл облусу (9%), Баткен облусу (8%), Нарын облусу (6%), Ош шаары (4%), Талас облусу (4%) жана 28 чет өлкөдөгү шайлоочулар (1%).

Шайлоочулардын такталган тизмеси 2-январда жарыяланды. Ага 2474 шайлоо участогунда катталган 3 миллион 563 миң 574 адам кирди.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG