Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Кытай ДССУнун эксперттерин киргизген жок


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмблемасы.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмблемасы.

Кытай коронавирустун келип чыгышын иликтөөнү көздөгөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистерин өз аймагына киргизген жок. Эл аралык уюмдун эки эксперти виза боюнча маселеден улам өлкөгө кире алган эмес. Алар 2019-жылдын аягында биринчи болуп коронавирус катталган Ухань шаарына барышмак.

ДССУнун жетекчиси Тедрос Гебрейсус расмий Бээжиндин бул чечимине капаланганын айтып чыкты. Ал эки адис сапарга чыгып алганына карабай өлкөгө кирбей калганына нааразылыгын билдирди.

Ал эми ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча жетекчиси Майкл Райан адистер визадагы маселелерден улам кирбей калганын билдирди. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 6-январда эксперттик топтун келиши боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген.

ДССУ бир нече айдан бери өз адистерин Кытайга жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген. Алар Уханда вирус айбанаттан кантип адамга жукканын изилдемек.

XS
SM
MD
LG