Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Өзбекстанда аракка ууланып беш киши көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Наманган облусунда аракка ууланып беш киши көз жумду. «Азаттыктын» өзбек кызматы жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлагандай, алар Кыргызстанда чыгарылган аракты ичишкен.

Окуя Жаңы жыл майрамынын алдында Төрөкоргон районунда болгон. Аракка ууланды деген 13 киши ооруканага жеткирилген. Райондук прокуратура кылмыш ишин ачып, иликтөө баштады.

Аракка ууланып көз жумгандардын жаш курагы 36дан 52ге чейин.

Райондук оорукананын башчысы уулангандардын алтоо сакайып үйгө чыгарылганын билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG