Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Акыркы суткада Баткенде коронавируска чалдыккандар катталган жок


2020-жылдын июль айында Бишкекте тартылган сүрөт.
2020-жылдын июль айында Бишкекте тартылган сүрөт.

7-январга карата Кыргызстанда дагы 170 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 826 адамга жетти. Алардын 77 376сы сакайды. Соңку бир күндө 206 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1363 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

Бишкек шаарында– 54;
Чүй облусунда - 49;
Ысык-Көл облусунда – 20;
Ош облусунда - 16;
Нарын облусунда - 10;
Жалал-Абад облусунда - 10;
Ош шаарында – 8;
Талас облусунда – 3.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 7-январда 87 миллиондон ашты. Оорудан көз жумгандардын саны 1 миллион 882 миңден көп. (SE)

XS
SM
MD
LG