Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Талант Мамытов православдар ынтымакка салым кошуп келатканын айтты


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов православдарды 7-январь - Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) майрамы менен куттуктады.

Ал Кыргызстандагы православдык чиркөө улут аралык жана дин аралык ынтымакты чыңдоого, баалуулуктарды урматтоого салым кошуп келатканын белгиледи.

«Мамлекеттик саясаттын маанилүү принциптеринин бири - бул жарандардын диний сезимдерине карата аяр жана этият мамиле», деп жазылган president.kg сайтына жарыяланган куттуктоодо.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнү өлкөдө расмий майрам деп белгиленген.

Өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG