Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башчысы кармалды


«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлап, алар атайын кызматтын тергөө абагына 6-январда киргизилгенин билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик ишканасында иликтөө жүрүп, коррупциялык схема аныкталган. Жыйынтыгында бир катар сатып алуу иштеринде, каражаттарды колдонууда жемкорлук болгону такталган.

2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке акча которууда мыйзам бузулган. Бул жылдары аталган мекемени Дүйшөн Ирсалиев башкарган.

УКМК кармалгандардын аты-жөнүн ачык айтпай, баш тамгаларын берди. Кыскартылган ысым Ирсалиевдин атына жана фамилиясына дал келүүдө. «Азаттык» азырынча Ирсалиевге же анын жакындарына байланышып, комментарий ала алган жок.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы - бир катар экономикалык женилдиктер берилип, атайын бөлүнгөн жер. 1995-жылдан бери иштейт. Аймактын башкы дирекциясы тараткан маалыматка ылайык, анын жалпы аянты 346,09 гектар. Учурда 313 субъект катталган, анын ичинен 58 биргелешкен ишкана, 139 субъект кыргыз жарандары тарабынан, 116 субьект чет элдик капитал менен түзүлгөн. Жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иш алып барат. (SE)

XS
SM
MD
LG