8-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын жерлерине кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан жел согуп турат, Ысык-Көл ойдуңунда шамал болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8,
Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-6,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -19....-24, күндүз -8...-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -10...-15°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Туман түшүшү мүмкүн. Түндө -14…-16°, күндүз -6…-8° болот.